18:36 2 июня 2023

ОшМПУда Балдарды коргоо күнү белгиленди

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата атайын оюн-зоок программасы уюштурулду.

Саамалыкка университеттин окутуучуларынын жана жалпы кызматкерлеринин балдары катышып, өзгөчө маанайдагы программага күбө болушту.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, алгач бул күндүн тарыхына кыскача токтолуп жана жашообуздун жандуу гүлдөрү болгон жаш бөбөктөрдү майрамы менен кызуу куттуктады.

Балдар алгач окуу жайдын аянтында сүрөт тартышып, белектерге ээ болуп, оюндарды ойноп жарыш курушту. Бул менен бирге чабарман аксакал жаныбарлар тобу менен жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, алар менен бирге бийлешип, шаңдуу аураны жаратышты.

Соңунда бардык балдарга жана ата-энелерге балмуздак таратылып, майрамдык программа жогорку маанайда жыйынтыкталды.

Аталган саамалык окуу жайдын жетекчилиги жана Профсоюз комитети тарабынан уюштурулду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть