18:34 2 июня 2023

КЭУнун студенттери эл аралык статистикалык олимпиадада ийгилик жаратты

КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУнун студенттеринин статистика боюнча Эл аралык студенттик олимпиадага мыкты даярдыгы жана ийгиликтүү катышкандыгы үчүн КЭУ жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

2023-жылдын 30-майында төрага Б.Кудайбергенов Улуттук статистикалык комитетте М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин ректору Алмаз Кадыралиев жана И.Раззаков атындагы КМТУ проректору Ж.Сыдыков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар статистика тармагында кадрларды даярдоого багытталган кызматташуу форматтарын талкуулашты. Улуттук статистикалык комитеттин ЖОЖ жетекчилерине ыраазычылык каттарды, студенттерге сертификаттарды тапшырды.

Ушул жылдын 15-19-майында Москва шаарында КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети тарабынан уюштурулган Эл аралык студенттик статистикалык фестиваль жана статистикалык олимпиада болуп, ага КЭУ жана КМТУнун студенттери катышкан. Жалпысынан иш-чараларга 7 өлкөдөн 12 команда катышты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча студенттер «Тапшырманын оригиналдуу чечими» жана «Статистикалык каражаттарды туура колдонуу» номинациялары боюнча жеңүүчү болушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть