18:32 2 июня 2023

АКШнын Миссури университетинен келген делегация ОшМУда болду

Миссури университетинин эл аралык программалар боюнча проректору Мэри Стегмайер баштаган 11 адамдан турган делегация ОшМУда болуп окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту. Делегациянын курамында профессорлор, окутуучулар жана студенттер бар.

Жолугушууда Миссури университети менен ОшМУнун ортосунда буга чейин түзүлгөн меморандумдун алкагындагы кызматташуулар боюнча сөз болду. Окуу жай жетекчиси ОшМУ тууралуу маалыматтарды берип, алдыдагы стратегиялык пландары менен тааныштырды. Сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки университеттин ортосунда тажрыйба алмашуу, илим изилдөө, билим берүү, академиялык мобилдүүүлүк, кош дипломдуулук маселелери талкууланды.

“Коноктор ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият, Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери менен жолугуп,  Миссури университетин тааныштырды. Университетте академиялык мобилдүүлүк багытында кандай программалар бар, аларга кантип тапшырып, окуп, тажрыйба алмашып келсе боло тургандыгы боюнча студенттердин суроолоруна жооп беришти. Жыйындын экинчи бөлүгүндө  аталган факультеттердин окутуучулары менен пикир алышуу орун алды”, - деди ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев.

Миссури университети менен ОшМУ 2022-жылдын 13-январында кызматташуу меморандумуна кол койгон.

Миссури университети 1839-жылы түптөлгөн. Анда 31 000ден ашуун студент 270 адистик боюнча билим алышат. 14 000ден ашуун студент — чет өлкөлүк студенттер.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть