18:30 2 июня 2023

Билим берүү министри ОшМУнун студенти тарткан сүрөттү сатып алды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде болду.

Министр колледждин жамааты менен жолугуп, студенттердин эмгектери жана ийгиликтери коюлган көргөзмө менен таанышты. Индустриалдык-педагогикалык колледжинин студентинин пейжаз жанрындагы тарткан эмгегин министр сатып алды. К.Иманалиев студенттердин иш аракеттерине жогору баа берди.

Андан сырткары дизайн адистигинде билим алган студенттери тарабынан даярдалган улуттук кийимдердин көргөзмөсүнө күбө болуп, колледжин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыкты. 

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин директору Олжобай Шайымкулов колледжде аткарылып жаткан иштер  жана алдыда жасала турган максаттар боюнча презентация жасады. 

"Биз сиздерди Кыргызстандагы эң ийгиликтүү педагогикалык багыттагы индустриалдык коллдеж деп эсептейбиз. Чындыгында ошондойсуңар, ошону Ысык-Көлдө өтүүчү иш-чарага барып, башка колледждерге да көрсөтүп, үйрөтүп беришиңиздерди күтөбүз. Ар дайым ОшМУга кубануу менен келем, анткени Кудайберди Кожобеков ар келген сайын жаңы жаңылыктар менен күтүп алат”, - деди министр.

Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи жалпы 25 мектеп, 10 балдар бакчасы,  20 айыл өкмөт, 5 социалдык коргоо башкармалыгы, 5 социалдык фонд, 10 тигүү цехи, 8 мамлекеттик ишкана менен кызматташат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть