18:27 2 июня 2023

Министр Каныбек Иманалиев ОшМУдагы Окуу-өндүрүштүк комплекс менен таанышты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжи, окуу жайдын Окуу-өндүрүштүк комплекси менен таанышты.

ОшМУнун Окуу-өндүрүштүк комплекси 2022-жылдын 3-ноябрында колдонууга берилген. Окуу-өндүрүштүк комплекс 2018-жылы ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылган «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында ачылган.

Учурда Индустриалдык-педагогикалык колледжи жалпы 30дан ашуун ишкана менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Андан сырткары Өзгөн, Кара-Суу, Араван районундагы айыл өкмөттөрү менен меморандум түзүлгөн, программалоо адистигинде билим алган студенттер аймактардын санариптештирүү иштеринин алдыга жылышына колдоо көрсөтүүдө. Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

«Долбоорго кирген адистиктерде билим алып жаткан студенттер окууга киргенден баштап, ишке орношконго чейин схеманы көрсөтө турган моделди даярдап жатабыз. Бүгүн окуу жайда теория менен практиканы бирге алып кете турган атайын өндүрүш кошо иштеп жатат. Мында тигүү, программалоо адистиктеринде билим алган  биздин студенттер бир эле мезгилде Окуу-өндүрүш комплексинде окуу менен катар практикалык көндүмдөрдү айкалыштыра алат. Анда даярдалган өндүрүштөр ОшМУнун фирмалык дүкөнүнө сатыкка чыгат», - деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть