17:32 2 июня 2023

ОшМУда университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада өттү

2023-жылдын 27-май күнү университеттер аралык аймактык X студенттик олимпиада илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ОшМУда өткөрүлдү.

Аймактык олимпиаданы ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору  Руслан Арапбаев ачып, 7 окуу жайдан катышып жаткан студенттерге ийгиликтерди каалады. 

Республиканын түштүк аймагындагы 7 окуу жайынан —ЖАМУ, ЭАУ, ИТЭИ, КӨЭАУ, ОшТУ, ОшМПУ, БатМУ — илимий иштер боюнча проректорлору, илим бөлүмүнүн башчылары, 500дөн ашуун  студенттер жана жооптуу окутуучулар катышты.

Олимпиада жылдагыдан өзгөчөлөнүп, тесттик тапшырмаларды ОшМУнун жооптуу окутуучулары түзүп, санариптештирүү менен өткөрүлдү. Ал эми ОшМУнун студенттери катышпады, аларга сынактан сырткары олимпиада өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылат. 

Олимпиада студенттердин предметтерди тереңдетип үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу жана жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында илимий жана чыгармачылык ишмердүүлүккө кызыгууну өнүктүрүү максатында уюштурулду.

Олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, 1-орун 35 студентке, 2-орун 35 студентке жана 3-орун 35 студентке 1-2-3-даражадагы дипломдор жана белектер берилди. 

Кезектеги университеттер аралык аймактык XI студенттик олимпиаданы өткөрүү эстафетасы ОшТУга берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть