16:55 6 июня 2023

ОшТУда жасалма интеллект боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинин информатика кафедрасы тарабынан «Жасалма интеллект — бүгүнкү күндун талабы» деп аталган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага жасалма интеллект боюнча тийиштүү мекемелердин адистери, окуу жайдын окутуучулары, студенттер жана магистранттар катышты.

Бул иш-чара кафедранын иш планына ылайык, предметтер боюнча ай сайын өткөрүлүүчү тегерек стол, семинарларды өткөрүүнүн негизинде уюштурулду. Мында жасалма интеллекттин адамзат коомундагы орду, анын өндүрүшкө жана күнүмдүк жашоого тийгизген таасири, колдонуудагы көйгөйлүү маселелер жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу кеңири маалыматтар берилип, сунуш-пикирлер айтылды. Прага шаарынан Вацлав Пала маалымат коопсуздугу боюнча онлайн маалымат берди.

Жасалма интеллект термини алгоритмдердин айкалышы аркылуу адамдын мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү үчүн иштелип чыккан машиналар тарабынан жүргүзүлүүчү чалгындоо операцияларын билдирет. Тагыраак айтканда, жасалма интеллект — бул белгилүү бир машиналардын айлана-чөйрөнү кабыл алуусуна жана ага адамдын мээсине окшоп жооп берүүсүнө жол ачат. Бул ой жүгүртүү, кабыл алуу, үйрөнүү жана көйгөйлөрдү чечүү сыяктуу функцияларды аткара билүүнү камтыйт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть