15:49 6 июня 2023

ОшТУда Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленди

ОшТУнун экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасы тарабынан Кыргызстандагы Германиянын «Табиятты коргоо уюмунун» демилгеси менен 5-июнь — Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүнө карата «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулукту камсыздоо» деп аталган тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты адамзат коомуна коркунуч жаратып жаткан экологиялык маселелердин алдын-алуу, аларды чечүүнүн жолдорун изилдөө жана айлана-чөйрөнү коргоо менен жаратылышка аяр мамиле жасоого үндөө болуп эсептелет.

Тегерек столго Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош-Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү, Кыргыз токой кызматынын Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, жогорку окуу жайлардан илимпоздор, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык чарба комбинаты ишканасынын өкүлдөрү, ОшТУнун экология жана айлана-чөйрөнү коргоо кафедрасынын жалпы жамааты катышты. Мында экология жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган баяндамалар жасалды. Дүйнөлүк экология маселелери тууралуу бир топ маалыматтар берилип, катышуучулар тарабынан сунуш-пикирлер айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү БУУнун 1972-жылы 5-16-июнда Стокгольм шаарында (Швеция) болуп өткөн эл аралык конференциясында Япония жана Сенегал мамлекетинин өкүлдөрүнүн сунушу боюнча кабыл алынган. Ал бүткүл дүйнө жүзү боюнча 5-июнда белгиленет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть