15:34 6 июня 2023

КЭУнун 70 жылдыгына карата эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

2023-жылдын 1-июнунда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде (КЭУ ИИУ) университеттин 70 жылдыгына арналган III эл аралык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Олимпиада 2023-жылдын 2-майдан 28-майга чейин онлайн, офлайн таризде өткөрүлдү. Олимпиаданын программасына жогорку окуу жайлар үчүн адистиктердин негизги курстарынын бардык бөлүмдөрү боюнча тапшырмалар киргизилген. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер даярдоонун бардык багыттарынан 21 дисциплина боюнча ат салышты.

Олимпиада интеллектуалдык таймаштын формасы катары студенттердин илимий чөйрөдө теориялык билимдерин гана аныктоо менен чектелбестен, ѳздѳштүргѳн билимди салттуу эмес кырдаалдарда иш жүзүндѳ колдонуу жөндөмүн ачууга, чыгармачылык ой жүгүртүүгѳ мүмкүндүк берет.

Олимпиадага КР президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Б.Ельцин атындагы КРСУ, «Ала-Тоо» эл аралык университети, И.Раззаков атындагы КМТУ, ЖАМУ, ОшМУ, КМКТАУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУ (Казакстан, Астана), Аль-Фараби атындагы КазМУ, Абай атындагы Казакстан улуттук педагогикалык университети (Казакстан, Алматы), Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-Герман колдонмо информатика институту (КГКИИ), К.Карасаев атындагы БМУ, Кейин эл аралык институту, И.Арабаев атындагы КМУ, Эл аралык инновациялык технологиялар университети, КЭАУК сыяктуу ата мекендик жана чет өлкөлүк ЖОЖдордон 800дөн ашык студент катышып, жыйынтыгында 83 студент I, II, III даражадагы дипломдорго татыктуу болушту.

Иш-чаранын демөөрчүлѳрү тарабынан олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть