19:37 9 июня 2023

ОшТУда каржы жана экономика кызматкерлеринин күнү белгиленди

Кыргыз Республикасынын каржы жана экономикалык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит, экономика жана финансы кафедралары тарабынан «Аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө заманбап экономикалык адистерди даярдоо» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана тескөө кызматы менен ОшТУнун ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде түштүк региону боюнча окуу борбору ачылды.

Иш-чарага аталган кызматтын түштүк аймактык башкармалыгынын башчысы Т.Зулпукаров, ОшТУнун жетекчилиги, Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош аймактык бөлүмүнүн башчысы, агробизнестин атаандаштык борборунун Ош шаарындагы аймактык директору, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын башкы бухгалтер жана жеке аудиторлор, ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Бул борбордо Түштүк аймагындагы бухгалтерлер, аудиторлор, камсыздандыруу жана баалуу кагаздар рыногунун кызматкелери квалификациясын жогорулатышат, экономика багытынын студенттери, магистранттары үчүн усулдук жана практикалык жактан көмөк көрсөтүлөт.

Семинарда билим берүү программаларын ишке ашырууда экономика багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын калыптандыруу жана баалоо, Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана келечеги, Евразиялык экономикалык шериктештиктин алкагында аудитордук кызматтын бирдиктүү рыногун түзүү маселелери жана КР мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн азыркы абалы, көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу баяндамалар жасалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуучуларга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана тескөө кызматынын ардак грамотасы тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть