19:39 9 июня 2023

ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университетинин байланышы бекемделет

6-июнь күнү Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Иш-чара ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында орун алды. Ректор К.Кожобеков баштаган делегация Сиань Сыюань университети менен таанышып, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу багыттары боюнча пикир алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть