19:41 9 июня 2023

ОшМУнун ректору Кытайда бир нече жолугушууларды өткөрдү

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева менен жолугуп, пикир алышты.

Мында эки тарап ОшМУда Лубан институтун ачуу тууралуу жана кытай тилдүү адистерди даярдоо тууралуу сүйлөшүштү. Элчи Кыргызстанда өндүрүштүн көптөгөн тармагында, өзгөчө, тоо кен, логистика, экономика, юридика багыттарындагы кытай тилин мыкты билген кесипкөй адистерге суроо-талап күч экендигин белгиледи.

Ошондой эле элчилик тараптан ОшМУда Лубан институтун ачуу боюнча бардык керектүү колдоолорду көрсөтүлөрүн билдирип, ОшМУнун жалпы жамаатына ийгиликтерди каалады.

Андан сырткары, К.Кожобеков Бээжин шаарындагы Эл аралык кытай тили фондунунун төрагасынын орун басары Жао Линшан менен жолукту.

Жолугушуу учурунда ОшМУнун Конфуций институтунун ишмердүүлүгү жана мындан ары өнүгүү пландары талкууланды. Төраганын орун басары Жао Линшан мырза Конфуций институтунун ишмердүүлүгүн жогору баалап, Кыргызстанда ОшМУ кытай тилинен котормочу жана кытай таануучу адистерди даярдап жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть