19:43 9 июня 2023

ОшМПУ алгачкы магистранттарын уядан учурду

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмүн быйыл 125 магистр аяктады.

Ага ылайык, 8-июнь күнү магистрлердин бүтүрүү кечеси уюштурулуп, ал окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана магистранттардын катышуусунда болуп өттү.

Иш-чараны ректор Бекмурза Зулуев ачып, ал магистрдик даражага ээ болуп турган жалпы магистранттарды куттуктап, бул даражаны чоң жоопкерчилик менен кабылдап, илимий потенциалын өнүктүрөт деген чоң ишеним артты.

Аны улай бүтүрүүчү тайпалардын мыктыларына дипломдор тапшырылып, концерттик программа менен коштолду.

2022-2023-окуу жылында университеттин магистратура бөлүмүндө 400гө жакын магистрант билим алып, алардын 125и быйыл бүтүрүүдө. Ал эми 200гө жакын магистрант 1-курсту аяктады.

Ал эми бөлүмдө педагогика, физика-математикалык билим берүү, социалдык- экономикалык билим берүү, табигый илимий билим берүү жана филологиялык билим берүү багыттары боюнча магистранттар даярдалат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть