11:19 13 июня 2023

ОшТУнун жамааты “Кыргыз унаа курулуш” ЖЧКсында болушту

ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев баштаган топ Ош шаарындагы “Кыргыз унаа курулуш” ЖЧКсында болду. Биздин университеттен барган топ алгач аталган ишкананын жалпы материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыккан соң, заводдун жетекчиси А. А. Топчубаев мындагы аткарылып жаткан жумуштар тууралуу кеңири маалымат берди. Бул жерде негизинен өндүрүштүк багыттагы жумуштар аткарылгандыктан, биздин университеттеги даярдалып жаткан багыттардын негизги ишмердүүлүктөрүнө дал келет. Жолугушуунун жүрүшүндө биздин университетте билим алып жатышкан студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоодо эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдер түзүлдү. Келишимдерге ылайык мындан ары биздин студенттер практикалык сабактарды “Кыргыз унаа курулуш” ЖЧКсында өткөрүшмөкчү. Мындан ары кызматташуунун негизинде биздин бүтүрүүчүлөрдү дагы келечекте бул унаазаводго жумушка орноштуруу боюнча дагы келишимдер түзүлүп, кызматташуулар жүрмөкчү.

Ректор Ж. Ж. Турсунбаев менен бирге проректорлор, бардык факультеттердин декандары, бөлүм башчылары жана тиешелүү кызматтын өкүлдөрү барышты. Унаазавод келечекте биздин университет менен биргеликте чакан ГЭС куруу боюнча, лифт орнотуу иштери боюнча биргелешке долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть