17:27 15 июня 2023

«Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары» аттуу эл аралык форуму өтүүдө

14-июнда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Билим берүүнү санариптик трансформациялоо шартында педагогдун заманбап компетенциялары» аттуу эл аралык форуму башталган.

Иш-чараны расмий түрдө ректор Айгүл Абдраева ачып берип, өзүнүн сөзүндө форумдун максаты — эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана билим берүүнүн санариптик чөйрөсүн түзүүдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо экендигин айткан.

Иш-чарада билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек Расул уулу аталган форум билим берүү тармагында өтө актуалдуу экенин баса белгиледи.

Форумдун алкагында катышуучуларга искусство жана дизайн факультетинин сүрɵт кɵргɵзмɵсү болуп, искусство жана дизайн бɵлүмүнүн «Чыгыш сырлары», «Кыргыз каганаты» аталышындагы этно-коллекциялары тартууланды.

15-июнда КМУ тарабынан уюштурулган эл аралык форум Чолпон-Ата шаарында уланууда. Анда окуу жайдын илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова модератордук кызматты аткарууда.

Форумда темага байланыштуу баяндамалар жасалып, «Мугалимдин санариптик окутуу технологияларын ишке ашырууга даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттары», «Илим жана билим берүүнүн заманбап проблемалары» дисциплинасынын алкагында деген темаларда презентациялар болду.

Эл аралык форумга Корея Республикасындагы Кёнгвун университетинин эл аралык мамилелер жана билим берүү институтунун директору Жу Янг Чун, Индиядагы Шарда университетинин ректору, профессор Прамод Кумар, РФнын Академиялык жазуу борборунун директору, Жогорку экономика мектебинин академиялык компетенцияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин кандидаты Светлана Сучкова, И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Анна Бударина, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин өкүлү Жеңишкүл Хулхачиева, Япониядагы Next Seed компаниясынын президенти Такахара Дайсуке жана Кыргызстандагы окумуштуулар катышууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть