Ош технологиялык университетинин делегациясы Россиянын күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда ОшТУнун кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин деканы, профессор Ш.Сайдаматов Ош технологиялык университети туурасында презентация жасады.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Дон мамлекеттик техникалык университети, Ростов мамлекеттик экономика университети (РИНХ) жана Түштүк федералдык университети менен академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий-изилдөө иштерин биргелешип ишке ашыруу туурасында макулдашылды.
ОшТУ менен Дон мамлекеттик техникалык университетинин ортосунда маалымат технологиялары, радиотехниканын жана креативдүү технология багытында кызматташуу келишимине кол коюлду.