Казакстан Республикасынын Туркистан облусундагы Кожа Ахмед Ясави атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов, тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Рамис Ыдырысов жумушчу иш сапарында болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ОшТУнун делегациясы Эл аралык Казак-Түрк университети менен академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий - изилдөө иштерин биргелешип ишке ашыруу туурасында макулдашылды.
Жолугушууда эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Ош технологиялык университети бир топ жылдардан бери академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча дүйнөнүн бир канча мамлекеттери менен кызматташып келет. Ал өлкөлөрдүн арасынан коңшу Казакстан мамлекетинин жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барууда.