17:53 22 июня 2023

Дене тарбия жана спорт академиясында бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи, бокс залынын жана колледждин жаңы аудиторияларынын ачылыш аземи өттү

19-июнда Б.Турусбеков атындагы КМДТжСАнын бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо аземи, бокс залынын жана колледждин жаңы аудиторияларынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Ш.Атазов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору А.Абдымомунов, дене тарбия жана спорт уюмдарынын өкүлдөрү, академиянын профессордук-окутуучулук курамы, бүтүрүүчүлөр, студенттер катышты.

Академиянын ректору Саитдин Азизбаев куттуктоо сөзүндө Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын өз ишине берилген педагогдору, өлкөдө дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө өз салымдарын кошкон бүтүрүүчү адистердин эмгектерин өзгөчө белгиледи.

Б.Турусбеков атындагы «КМДТжСАнын Ардактуу профессору» наамы окуу жайдын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн М.Кенжебаевге,  Р.Джакыбалиевге, «КМДТжСАнын Ардактуу доктор» наамы М.Кийзбаевге ыйгарылды.

Окуу жайда жыл сайын спорттун 27 түрү боюнча 300дөн ашык жогорку квалификациялуу адистер даярдалып, республиканын бардык аймактарына жөнөтүлүп турат.

 Академиянын имараттарын, спорттук базаларын оңдоо иштерине каржылык жардам көрсөтүү максатында өз мезгилинде академиядан жогорку билим алышып, спорт чөйрөсүндө эмгек жолун улантышкан азыркы белгилүү эмгек сиңирген машыктыруучулар (КРнын эмгек сиңирген машыктыруучулары А.А.Усенканов, М.Ф.Гашлома), кыргыздын атактуу спорт чеберлери (Ч.Борбашев, К.Жолчубеков), 1878-2022-жж. бүтүрүүчүлөрү катышып, өз салымдарын кошушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть