Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, т.и.к., доцент, олимпиадалык калыс С.Азизбаев Япониялык Азия күрөш федерациясынын рефери комитетинин башчысы Койке Коуноре, Азия U-17, U-23 чемпионатынын 2023-жылдагы делегаты индиялык Ашок Кумар, олимпиадалык калыс, Кыргыз Республикаснын эмгек сиңирген машыктыруучусу М.Ахмедов менен жолугушуу өткөрдү.
Алар спорт университеттеринин окутуучуларынын тажрыйба алмашуусу, студенттердин мобилдүүлүгү багытында кызматташуу мүмкүнчүлүгү боюнча пикир алышты. Академиянын бүтүрүүчүлөрү менен мастер-класс уюштурулду.