18:32 7 июля 2023

ОшМУнун магистранттары менен студенттери археологиялык казуу иштерине катышты

Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кошун өрөөнүндө 10 күнгө созулган археологиялык казуу иштерине ОшМУнун магистранты жана студенттери да катышты.

Археологиялык экспедицияны Баткен мамлекеттик университети каржылап, археолог, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Ташбаева Кадича жетектеди.

Экспедициянын жүрүшүндө Кызыл-Кошун аймагындагы эстеликтер толугу менен каттоого алынып, казылган мүрзө дөбөлөрдөрдөн жанаша коюлган эки адамдын жана дагы бир өзүнчө коюлган адамдын сөөктөрү, алар менен кошо коюлган керамика идиш, темир бычак, канжарлар, жаанын жебеси, курдун тогоосу табылган.

Табылгалар БатМУнун музейине өткөрүлүп берилген. Маалыматтарга ылайык, табылгаларды жакыңкы күндөрү Европа өлкөлөрүнүн бирине радиоуглероддук экспертизага жөнөтүлөрү маалымдалды.

Жүргүзүлгөн бул археологиялык экспедицияга археология илимине адистерди даярдоо максатында ОшМУнун тарых факультетин магистри, лаборант Орунбай уулу Куттубек жана студенттер Нуркамил Насирдинов, Эрланбек Мийзаев, Айзада Абдилмажитова, Эркинжан кызы Атиргүл да катышып, тажрыйба алышты.

ОшМУнун магистранттары жана студенттери буга чейин да бир нече ирет Чехиянын Батыш Чех университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Павел Варжека баштаган окумуштуулар менен биргеликте Кара-Суу районундагы Ак-Жар айылында биздин заманга чейин V кылымга таандык археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү иштерине катышкан.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть