Ош технологиялык университетине Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй баштаган делегация расмий иш сапары менен келди.
Расмий коноктор окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүшүп, эки тараптуу кызматташуулар тууралуу сүйлөшүлдү.
Ошондой эле ОшТУ менен Сыюань университетинин кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешип илимий, маданий иш-чараларды өткөрүү, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча пикир алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө коноктор окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен да таанышып чыгышты.