17:03 17 июля 2023

Сыюань университети менен ОшМУ кош дипломдуу билим берет

Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университетинин проректору Чжао Мин Юй баштаган делегация ОшМУга иш сапары менен келди.

Делегация менен ректор Кудайберди Кожобеков, окуу жайдагы структура жетекчилери жолугуп, пикир алышты.

Жыйындын жүрүшүндө коноктор Сыюань университетинин мүмкүнчүлүктөрү, байланыштары, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар боюнча атайын презентация жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кытай тили, лингвистика жана IT багыттары боюнча кош дипломдуу билим берүү боюнча 2+2 келишимине кол коюлду.

Келишимде биргелешкен билим берүү, илим жаатында кызматташуу, студент, магистрант, аспирант, окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Буга чейин 2023-жылдын 6-май күнү Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасынын негизинде ОшМУ менен Кытайдын Сиань шаарындагы Сыюань университети эки тараптууу кызматташуу келишимине кол койгон. Келишимге ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Кытайга болгон жумушчу иш сапарында жетишилген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть