17:09 20 июля 2023

ОшМПУнун студенттери Россияда өтүп жаткан «Жайкы университет – 2023» долбооруна катышууда

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучулары жана студенттери Россиянын ЖОЖдорунда өтүп жаткан «Жайкы университет – 2023» долбооруна катышып жатат. Бул тууралуу долбоордун катышуучусу Канат Казакбаев билдирди.

Аталган саамалык «Жаштар. Инновация. Биримдик» аталышындагы федералдык долбоор деп аталып, Россиянын жогорку билим берүү жана илим министрлиги жана Казань (Приволжск) федералдык университети тарабынан уюштурулду. Долбоорго жалпы 25 өлкөдөн миңден ашык студент катышып, тандаган багыттарына жараша төмөндөгү 3 университетке бөлүнүшкөн. Алар — РФнын Казань шаарындагы Казань федералдык университетинде, Екатеринбург шаарындагы Урал федералдык университетинде жана Красноярск шаарындагы Сибир федералдык университети.

Долбоорго катышкан ОшМПУнун окутуучулары Канат Казакбаев, Сезимай Жолболдуева, музыкалык-педагогикалык факультетинин студенттери Салижанова Мээрим, Алтынбек кызы Элиза, Касымова Элнара, Борубаева Нурия, Калилова Элзат, гуманитардык факультетинин студенти Бегнаева Айгерим Казан Федералдык университетинде ал эми Кыргыз-Россия факультетинин студенттери Мелис кызы Малика, Сражидин кызы Ракыя, Хамидова Лиралар Урал федералдык университетинде билим алышууда.

Маалыматка ылайык, долбоордун катышуучулары үчүн уюштуруу тобу тарабынан максималдуу шарттар түзүлүп, ыңгайлуу жатаканаларга жайгаштырылган. Трансфер жактары каралып катышуучуларды жатаканадан окуу корпустарына, экскурсияларга заманбап автобустар ташууда. Студенттер үчүн 3 маал тамактануу, кофе-брейктер, тарыхый жана жаңы инновациялык кооз жерлерине баруу үчүн экскурсиялар, маданий иш-чаралар, ар түрдүү оюндар уюштурулган — квест, квиз, интеллектуалдык, спорттук, практикалык сабактар, семинарлар. Долбоор Россиянын тилдери жана маданияты, моделдөөнүн жаңы технологиялары, виртуалдык жана кеңейтилген реалдуулук, глобалдык дүйнөдөгү эл аралык мамилелер жана Россия, экологиялык дизайн жана тактикалык урбанизм, экологиялык дизайн жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү, келечектин технологиялары, физика жана инженерия, оюндарды долбоорлоо жана илим жана практика деп аталган 10 багыт боюнча жүргүзүлөт.

Аталган иш-чара 2023-жылдын 10-июлунан 23-июлга чейин уланат. Долбоордун негизги максаты — чет өлкөлүк студенттерди РФнын учурдагы илимий жана билим берүү күн тартиби менен тааныштыруу, эл аралык студенттик коомчулуктарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

«Жайкы университет» долбоору алгач 2021-жылы Биримдиктин масштабдуу билим берүү долбоору форматында ишке ашырылган. 2022-жылы 9 өлкөдөн 700дөн ашык студент катышкан. Ал эми быйыл 1000 студент катышып жатат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть