12:44 25 августа 2023

КМУда Иран маданияты жана фарси тили борбору ачылды

25-августта И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Иран маданияты жана фарси тили борбору ачылды.

Борбордун ачылыш аземине Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари, Иран Республикасынын аль-Мустафа атындагы Эл аралык университетинин Борбордук Азия боюнча өкүлү, профессор Али Пурман Мохсени, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев , Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошев, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор, профессор Айсулу Бейшенова, окуу жайдын өкүлдөрү катышты.

Иран маданияты жана фарси тили борборун ачылышынын максаты – Иран элинин байыркы маданиятын жана тарыхын изилдөө, фарси тилин тереңдетип үйрөнүү, дүйнөлүк цивилизациялардын биринин каада-салты жана үрп-адаттары менен тааныштыруу, ошондой эле бул багытта билим алып жаткан студенттердин чөйрөсүн кеңейтүү.

Иран маданияты жана фарси тили борбору Иран Ислам Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоодогу чоң кадам болуп саналат жана жогорку билим берүү тармагында эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өз ара байытууга, кызматташууга жана өнүктүрүүгө багытталган.

Аталган борбор Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика бөлүмүнүн базасында түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть