Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамын утурлай Ош шаарына келген делегациялардын өкүлдөрү Ош технологиялык университетинде болушту.
ОшТУга Россиянын Ростов облусунун Кыргызстандагы Соода палатасынын өкүлү Сабуров Станислав жетектеген делегация келип, Ростов облусу менен билим берүү жана илим тармагында эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушууга ОшТУнун сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору А.Акматалиев, Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика боюнча башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Ө.Азизбеков, ОшТУнун илим бөлүмүнүн башчысы Г.Исраилова жана башкалар катышты.