11:33 30 августа 2023

ОшТУга заманбап техникалык каражаттар алынып келүүдө

АРИСтин атайын өкүлү жана ЦКАнын координаторлору ОшТУнун "Айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы" кафедрасынын базасы менен таанышып кетишти. Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен кафедра 259мин $ техникалык каражаттар менен толукталып жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө атайын өкүлдөр менен кафедранын жалпы жамааты алынып келинген жабдууларды орнотуу, аларды ишке киргизүү тууралуу маселелрди талкуулашты.

Айыл-чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы – бул бүтүрүүчүгө өзүнүн билимин жана көндүмдөрүн ар кандай кайра иштетүү жана тамак-аш ишканаларында, ошондой эле толук өндүрүш цикли жана соода тармагы бар ишканаларда колдонууга дээрлик чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жаңы келечектүү адистик.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы