Ош технологиялык университетинде «Седжон Хагдан» корей борбору 2023-жылдын күзгү семестрине жаңы студенттерди жана окуучуларды кабыл алды.
Борбордо башталгыч корей тил курсуна жазылуу аякталып, күзгү семестрдин ачылыш аземи өткөрүлдү. Аталган курска Ош шаарынын мектептеринен жана жогорку окуу жайларынан студенттер жана окуучулар жазылышты.
Иш-чарага ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев катышып, корей тил курсунун катышуучуларына ийгилик каалады. Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.
Ош технологиялык университетинде 2008-жылы Корей борбору ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы кызматкерлер эмгектенип, студенттерге тил үйрөтүп келүүдө.