18:03 12 сентября 2023

КМУда китепканачылар үчүн 5 айлык курс өтүлүүдө

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде китепканачылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча 5 айлык курс өтүп жатат.

Окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева «Санариптик Кыргызстан» программасынын алкагында китепканачылардын кесиптик аброюн түп тамырынан өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк жаралганын белгилеп, өзгөчө санариптик чөйрөдө китепкана ишин заманбап уюштурууну колго алуу учурдун талабы экенин айтты.

Кошумча кесиптик билим берүү боюнча Жогорку китепкана мектебинин 5 айлык курсу 2022-жылы КМУнун базасында Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими менен атайын лицензиянын негизинде ачылган. Февраль айында биринчи угуучулар кабыл алынып, бүгүнкү күнгө 150дөн ашык китепканачыларды даярдап чыгарды.

Мектептин эӊ негизги максаты — өлкөнүн китепканаларында эмгектенген адистиги жок жогорку жана атайын орто билими бар китепканачыларга кесиптик билим берүү, алардын китепкана ишин заманбап уюштуруудагы адистик компетентүүлүгүн жогорулатуу. Ага республиканын бардык аймактарынан китепканачылар жана жогорку кесиптик билими жок кызматкерлер келип, билим алышты.

Жогорку китепкана мектебине окуу процесси жогорку билим берүү методикасына ылайыкташтырылып, окуу-методикалык комплекс, иш программасы, практикалык жана өз алдынча иштөө программалары, тест, мамлекеттик экзамендер офлайн жана онлайн түрүндө өткөрүлөт. Угуучулар 1 комплекстүү жыйнтыктоочу сынак тапшырышат.

Жогорку китепкана мектебинен билим алган китепканачылар И.Арабаев атындагы КМУнун атайын бекитилген үлгүдөгү дипломуна ээ болушат. Окуу процессинде кластердик системаны колдонуу менен угуучулар Бишкек шаарынын көрүнүктүү китепканаларынын (КР Улуттук китепканасы, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы, Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана) иш тажрыйбалары менен таанышууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Мындан тышкары, угуучуларга К.Карасаев атындагы БМУнун окутуучулары, профессор Т.Шаймергенова, К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Р.Султангазиева, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жооптуу кызматкери Р.Бакеев, Бишкек шаардык китепкананын директору К.Жоошбаева ж.б. өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, конок лекцияларды окуп беришти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть