18-сентябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин (Калининград, Россия) делегациясы келди.
И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин расмий делегациясында ректор, философия илимдеринин доктору, профессор Александр Федоров, жаштар саясаты жана эл аралык тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Ольга Ким, официалдуу бөлүмдүн башчысы Гизат Тажин, БФУнун эл аралык кеңсесинин директору Дарья Гербер, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү жана илим боюнча атташеси, Россиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Роберт Федоров жана Россия кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альбер Зулхарнеев келди.
Келген конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, филология илимдеринин доктору, профессор Айгүл Абдраева, илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректор, философия илимдеринин доктору, профессор Айсулуу Бейшенова жана курам жетекчилер тосуп алышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында ЖОЖдордун ректорлору И.Арабаев атындагы КМУда И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюп, ачылышы болду.
Коноктор университеттин музейи менен таанышып, И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программасынын кубөлөрү болушту.