17:39 19 сентября 2023

Андижан машина куруу институту ОшТУ менен биргеликте эл аралык конференция өткөрүүдө

Ош технологиялык университетинин проректору профессор А.Зулпуев жетектеген илимпоздор тобу Өзбекстандын Андижан машина куруу институтунда өтүп жаткан «Энергияны үнөмдөөчү түзүлүштөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу, жасалма интеллект жана санариптик технологияларды колдонуудагы актуалдуу көйгөйлөр» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып жатышат.

Иш-чара 2 күнгө созулат.

ОшТУдан белгилүү илимпоздор жана тажрыйбалуу окутуучулар Зулпуев А.З., Тешебаев А., Жанибеков М.Ж., доценттер Мурзакулов Н.А., Алдашева Н.Т., Элчиева М.С., Карыбекова Б. К., Абдалиев У. К., Мокеев Ш. Д., Ысманов М.М., Акматов О.М. катышууда.

Конференциянын тең уюштуруучулары: М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Карабюк университети (Түркия, Karabuk University), Андижан мамлекеттик университети, Фергана политехникалык институту жана «Андижан АЭТ» акционердик коому.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть