DigitalSkills 2023 санариптик көндүмдөр эл аралык чемпионатында Ош мамлекеттик университетинин PhD докторанты, окутуучу Султанбек Камалов « Учуучу робототехника» компетенциясы боюнча 2-орунду ээледи.
Эл аралык чемпионатта Татарстандын Казань шаарында 2023-жылдын 20-сентябрынан 23-сентябрына чейин өтүп, Кытай, Россия, Бразилия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Африка өлкөлөрүнөн 600дөн ашуун өнөр жайдагы чакан, орто жана ири бизнес өкүлдөрү, окуу жайлардын студенттеринен куралган командалар күч сынашты.
Кыргызстан командасынын курамында ОшМУнун колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын башчысы Бектур Азимов, окутуучу Султанбек Камалов болду.
DigitalSkills — бул технология тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу, өлкөнүн экономикасын санариптештирүүгө салым кошуу, тажрыйба алмашуу жана эксперттик коомчулуктун баасын алуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн эл аралык чемпионат.