17:46 4 октября 2023

ОшТУда Карылар күнү жана Мугалимдер күнү белгиленди

1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө жана Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата атайын майрамдык салтанат өткөрүлдү. Аталган салтанаттуу иш-чарага университетте эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курам жана кызматкерлер катышты.

Университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев биздин окуу жайда эмгектенип жаткан карыяларды куттуктап, аларга бейпил карылык каалады. Жалпы профессордук-окутуучулук курамды кесиптик майрамы менен куттуктап, биздин окуу жайдагы болуп жаткан ийгиликтер жалпы жамааттын эмгеги экендигин белгилеп, жамаатка ийгилик каалады.

Окуу жайдын өнүгүшүндө талбай эмгек кылып, салым кошуп жатышкан карыяларыбызга жана билим берүүдө, илимде жетишкен ийгиликтери үчүн университет жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле, университеттин 60 жылдыгы төш белгиси менен сыйланышты. Мындан сырткары, Ош шаардык мэриясынын, Ош шаардык Кеңешинин жана Ош областтык профсоюз комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, сахнада жагымдуу музыка жаңырды.

Карыялардын урматына арналган майрамдык салтанат Жетиген ресторанында уланып, мында биздин карыларга сый тамак уюштурулду. Пенсия курагына келген карыларыбыз салтанаттуу түрдө пенсияга узатылып, ректорат тарабынан белектер берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть