19:24 14 октября 2023

Салык кызматынын төрагасы ОшТУнун студенттери менен жолукту

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, ОшТУнун бүтүрүүчүсү Абдувапов Алтынбек Ош технологиялык университетинин студенттери менен жолугушту.

«Салык кызматынын санариптештирүүгө карай багыты» аттуу темада уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө төрага салыктык башкаруу жана салык системасын санариптештирүү чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер жана реформалар жөнүндө маалымат берди.

А.Абдувапов Салык кызматына кирүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди жана студенттерди экономика, салык мыйзамдары жана маалыматтык технологиялар жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө үндөп, келечекте Салык кызматында иштөө үчүн жогорку квалификациялуу адистердин келүүсү маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле, факультеттин окутууучулары өлкөнүн салык системасын өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Салык кызматынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть