19:28 14 октября 2023

Россиядагы «МЭИ» улуттук изилдөө университетинин өкүлдөрү ОшТУда болушту

Россиянын «МЭИ» улуттук изилдөө университетинен келген өкүлдөрдү ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев кабыл алды.

Жолугушуу ортосунда эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бул макулдашуунун негизинде машина куруу, энергетика, радидотехника, маалымат технологиялары, экономика багыттары боюнча эки диплом берүү туурасында макулдашты. Жыйынтыгында эки дипломду ишке ашыруу туурасында келишимге кол коюшту.

Бул макулдашуулар келечекте эки өлкө ортосунда ишке ашырылып, эки элдин ар тараптуу байланыш-катыш жасоосуна түрткү бермекчи.

ОшТУ эл аралык билим берүү стандартына ылайык, алыскы жана коңшулаш чет мамлекеттердин жогорку окуу жайлары менен менен илим изилдөөдө, кадр даярдоодо жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүдө тыгыз байланышта иш алып барууда.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть