Урал мамлекеттик экономикалык университетинин ректору Силин Яков Ош технологиялык университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушту.
Алгач келген өкүлдөр ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаевдин кабыл алуусунда болуп, эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулар жамааты менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун негизинде экономика жана башкаруу факультетинин жана табигый-техникалык факультетинин окутуучуларына экономика, тамаш-аш технологиясы жана колдонмо информатика багыты боюнча кош диплом берүү программасы боюнча макулдашуулар болду.
Урал мамлекеттик экономикалык университети менен ОшТУнун өз ара байланышы көп жылдардан бери активдүү өнүгүп келе жатат. Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттери жыл сайын УрМЭУнун Евразиялык экономикалык жаштар форумуна жана илимий конференцияларга катышышат. Мындай иш-чаралар академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.