19:23 14 октября 2023

КМУда «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышындагы кереге-кеңеш өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Заманбап педагогдордун ишин уюштуруудагы жогорку окуу жай менен мектептин байланышы» аталышындагы кереге-кеңеш өттү.

Кереге-кеңешке Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева, Бишкектеги 20дан ашуун мектептин директорлору жана онлайн түрдө өлкөдөгү бардык райондордун өкүлдөрү, окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, окуу иштери боюнча проректор Талантбек Курманбек уулу катышты. Анда учурдагы орто мектептердеги мугалимдер таңкыстыгын жоюунун жол-жоболору талкууланып, бир катар сунуштар берилди.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева ЖОЖдор менен орто мектептердин байланышын жакшыртуу үчүн университеттин окутуучуларын орто мектептердин ишмердүүлүгү менен жакшылап таанышып, саресеп салуу керектигин айтты. Анткени окутуучулар мектептин ички ашканасы менен толук таанышмайынча, талапка ылайык кесипкөй педагог чыгаруу болбой турганына токтолду. Ошондой эле 4-курстар үчүн практикага бөлүнгөн убакытты узартуу менен студенттердин мектептин талабына көнүп, өз кесиби аркылуу иштеп кетүүсүнө шарт түзүү зарылдыгын билдирди.

Ал эми Кыялбек Акматовдун айтымында, азыркы тапта өлкө боюнча орто мектептерде 800гө жакын мугалим жетишсиз. Мындай таңкыстыкты жоюу үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн ошол мектептерге тартуу зарыл. Ага утурлай бүтүрүүчүлөргө санариптик сабаттуулукту колго алып, учурда окутулуп жаткан предметтердин мазмунун жакшыртуу боюнча сунуш киргизүү — учурдун талабы.

КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талант Курманбек уулу кереге-кеңештин жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинен жумушчу топ түзүүнү суранышарын билдирди. Эгер суранычы кабыл алынса, келечекте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мамлекеттик стандартка өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть