Ош технологиялык университетинин окуу иштери боюнча проректору, доцент У.Мамытов окуу жайдын студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Окуу жай жетекчилиги менен студенттердин жолугушуусу жыл сайын жылына 2 жолу өткөрүлүп, кышкы жана жазгы семестрдин башталышында болот. Бул жолугушуунун максаты жетекчилик менен ар бир студенттин жеке байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү, жаштарды университетте билим алууларына татыктуу шарттарды түзүү жана аларды келечекке коомдо өз ордун татыктуу табууга шыктандыруу болуп саналат.
Иш-чарада студенттер проректорго кызыктырган суроолорду беришип, окуу, контракт, предмет жана семестр тууралуу маселелер талкууланды. Проректор У. Мамытов өз сөзүндө университетте билим алып жаткан студенттер үчүн мүмкүн болушунча мыкты шарттар түзүлөрүн, алардын бир гана окуу менен чектелбестен, ар тараптуу өнүгүүсүнө университет жамааты аракет кыларын билдирди.