КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» аталышындагы мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында 13-октябрь күнү Ош технологиялык университетинде архитектура жана курулуш факультетинин 1-курсунун студенттери тарабынан адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.
Анда студенттер залкар жазуучунун учкул сөздөрүн жана чыгармаларынан кыскача көрүнүш, монолог, каармандар парадын аткарышып, жазуучунун өмүр-чыгармачылыгы боюнча Kahoot оюнун ойношту.
Иш-чарага мамлекеттик тил проректору Ашим Зулпуев катышып, студенттерге ыраазычылыгын жана жакшы каалоо-тилектерин билдирди.