17:40 24 октября 2023

ОшТУда Акча жумалыгы башталды

Ош технологиялык университетинде салтка айланган жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды.

Иш-чара Улуттук банк жана экономика жана финансы кафедрасы менен биргеликте уюштурулуп, Улуттук банктын өкүлдөрү, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар, окуу жайдын бардык факультеттериндеги билим алып жаткан студенттер, профессордук-окутуучулук курам, университеттин жетекчилиги катышты.

Иш-чараны университеттин ректору Ж.Турсунбаев ачып, Дүйнөлүк акча жумалыгы калктын каржылык сабатын арттырууда чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.

Жумалыктын алкагында нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду. Мында ар бир даталуу күндөргө жана атактуу инсандардын мааракелерине арналып чыгарылган тыйындардын коллекциялары коюлду. Алтын жана күмүш куймалары, ар бир улуттук буюмдарга, чыгармаларга арналып чыгарылган, ар кандай формадагы жез куймалары болду. Көргөзмөгө катышкандар кыргыздын улуттук колоритинде чыгарылган ар кандай алтын жана күмүштөрдүн, тыйындардын жасалгаларына күбө болушту. Көргөзмөгө коюлган буюмдардан каалоочулар сатып алышты.

Улуттук банктын өкүлдөрү тарабынан студенттерге акча тууралуу бардык маалыматтар, алардын өнүгүү тарыхы, аларды сактоо жолдору, жүгүртүү системалары жана башка акчага байланышкан маселелер тууралуу маалыматтарды берилди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть