11:19 27 октября 2023

ОшТУда «Ректордун кубогу» жыйынтыкталды

Ош технологиялык университетинде «Ректордун кубогу» спорттук мелдеши жыйынтыкталды.

Спорттук мелдеш ОшТУнун 60 жылдык маарекесине карата уюштурулуп, түштүк аймактык жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөрүлүп, спорттун волейбол түрү боюнча күч сынашты.

Сыйлык тапшыруу аземинде университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчү командаларды куттуктады.

Жыйынтыгында эркектер арасында:

  • 1-орун — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командасы;
  • 2-орунду — Ош мамлекеттик университетинин командасы;
  • 3-орун — Ош технологиялык университетинин командасы;
  • 4-орун — Ош мамлекеттик университетинин 2-командасы.

Аялдар арасында:

  • 1-орун — Ош мамлекеттик университетинин командасы
  • 2-орун — Ош технологиялык университетинин командасы;
  • 3-орун — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы
  • 4-орун — Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин командасы ээледи.

Жеңүүчү командалар жана мелдешке активдүү катышкан окутуучулар кубок, диплом, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть