17:42 27 октября 2023

ОшМПУнун колледжинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата сынак өткөрүлдү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде Баткен окуясынын 24 жылдыгына карата сынак өткөрүлдү.

Иш-чара президенттин инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө жарлыгынын алкагында аскерге чейинки даярдоо сабагы боюнча өтүп, анда 1-курстун студенттеринен турган 4 команда ат салышты.

Катышуучулар катардагы буруулар, марш тебүү, өз өнөрүн тартуулоо, суроо-жооп, Калашников автоматын чачып-жыйноо, тир атуу, гиря көтөрүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мелдеш курушту.

Жыйынтыгында атайын калыстар тобу тарабынан упайлар берилип, жеңүүчү командаларга жана активдүү катышуучуларга ардак громаталар тапшырылды. Ошондой эле аскерге чейинки даярдоо предметинин окутуучулары Махамадсадык Эркинбаев жана Рахманали Мукамадали уулуна жаштарды патриоттуулукка тарбиялоого кошкон салымы үчүн Баткен согушунун ардагерлери тарабынан медалдар ыйгарылып, Гүлзат Казыева атайын ыраазычылык баракча менен сыйланды.

Иш-чара жаштарды өз мекенин сүйүүгө, коргоого жана патриотуулукка үндөө максатында колледждин дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть