17:52 27 октября 2023

ОшМПУнун профессору Абдугани Абдурасулов эл аралык форумда Азия өлкөлөрүнүн атынан мүчөлүккө кабыл алынды

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин ветеринардык медицина жана биотехнология кафедрасынын башчысы, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Абдугани Абдурасулов Кытайдын Хайнань провинциясында өткөн айыл чарбасы, тамак-аш коопсуздугу боюнча эл аралык форумга катышты.

Профессор Абдугани Абдурасулов форумда «Кыргызстандагы мал чарбасынын генетикалык ресурсу тамак-аш коопсуздугунун бир бөлүгү катары» деген темада презентация жасады.

«Бул форумдун алкагында жер кыртышын иштетүү, тоюттандыруу, тамак-аш азыктарын сактоо, даярдоо технологиялары боюнча маалыматтарды алдым. Бул өңүттөгү иш-аракеттерди өлкөбүздө жайылтуу маанилүү маселелерден экен. Уюштуруу комитетинин мүчөсү катары мындай иш-чараларды Кыргызстанда, ОшМУнун базасында да өткөрүү демилгесин көтөрсөм деп турам», - деди ал.

Форумдун жыйынтыгында профессор Абдугани Абдурасулов Азия өлкөлөрүнүн атынан уюштуруу комитетинин мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Иш-чарага 47 мамлекеттен 300дөн ашуун адистер катышып, айыл чарбасы, тамак-аш коопсуздугу боюнча маселелерди талкуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть