17:55 27 октября 2023

ОшТУда студенттер арасында өткөн дилбаян жана эссе сынагы жыйынтыкталды

КР пезидентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматовдун ааламы» аттуу мамлекеттик тилдин 3 айлыгынын алкагында Ош технологиялык университетинде китепкана жамааты адабий кече уюштурду.

Иш-чарага ОшТУнун жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышышты. Студенттер залкар жазуучунун учкул сөздөрүн жана чыгармаларынан кыскача көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде аткарышты.

Үч айлыктын алкагында Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата студенттер арасында «Кыргыз тилин сактай билген жаңы доордун муунубуз» деген темада дилбаян жана А«дам өмүрүндөгү эң кымбат байлык— эне тили» аттуу темада эссе жазуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталып, диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Дилбаян сынагы боюнча:

  • 1-орун — Аскатбек Абдувалиев
  • 2-орун — Ханзада Орозбекова
  • 3-орун — Өзгөн Эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Сезимгүл Жаныбек кызы

Эссе сынагы боюнча:

  • 1-орун — Өзгөн эл аралык технологиялық жана билим берүү институтунун студенти Фатима Бекмаматова
  • 2-орун — Акбермет Абылкасымова.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть