Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин катышуусунда «Сабаттуу бол» акциясы өтүп жатат.
Мында мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан окуу жайдын жалпы жамаатына жат жазуу жаздырылды. Жат жазуу саамалыгына катышкандардын жазган иштери адистердин текшерүүсүнөн өтүп, мыкты жазган кызматкерлер жыйынтыгында атайын сыйлыктарга ээ болушат.
Жат жазуу 2023-жылдын 30-октябрь күнү экономика жана башкаруу, автоунаа жана тейлөө факультеттеринин окутуучу-профессордук курамына жаздыруу менен башталды.