3-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун искусство жана дизайн факультетинин «Көркөм сүрөт жана дизайн» кафедрасынын профессору, КР эл сурөтчүсү Базарбек Сыдыковдун 70 жылдыгына арналган «Скульптуралык чыгармаларды жаратуудагы өзгөчөлүктөр» аталышында илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференциянын ачылышында КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева Базарбек Сыдыковду 70 жаш кутман курагы менен куттуктап, ага чың ден соолук жана чыгармачылыкта ийгиликтерди каалап, Ишеналы Арабаевдин юбилейлик медалын тапшырды.
Илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө эл сүрөтчүлөрү Таалай Курманов жана Кадыркул Орозматов «Заманбап искусствосунун коомго тийгизген таасири» жана «Академиялык скульптура жана пластикалык моделдөө» темаларында ой жүгүртсө, «Көркөм сүрөт жана дизайн» кафедрасынын ага окутуучулары Марат Заркунов жана Доктуркул Ибраев кыргыз скульптурасы тууралуу «Кыргыз монументалдык искусствосу жана айкелчи, педагог Сыдыков Б.К.» жана «И.Арабаевдин айкели жана кыргыз скульптураларынын тарбиялык мааниси» аттуу изилдөөлөрүн ортого салды.
Конференцияга «Б.К.Сыдыковдун кыргыз скульптурасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана анын ишмердүүлүгү» аттуу баяндамасы менен студент Кымбат Эрмекова (илимий жетекчиси — «Көркөм сүрөт жана дизайн» кафедрасынын ага окутуучусу Нургүл Ирсалиева) скульптор Базарбек Сыдыковдун чыгармачылыгы тууралуу баяндап берди.
Конференциянын жүрүшүндө чакан концерттик программа жана ИДФ студенттеринин коллекцияларынын көргөзмөсү болду.