15:49 15 ноября 2023

КЭУ China Education Expo-2023 эл аралык билим берүү көргөзмөсүнө катышты

27-28-октябрда Пекинде дүйнөнүн 960 университетин бириктирген XXIV Университеттердин көргөзмөсү — China Educational Expo-2023 болуп өттү.

«М.Рыскулбеков атындагы КЭУ» ИИУ бул жарманкеде Кыргызстандын жалгыз өкүлү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө КЭУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Б.Сыдыков 100дөн ашык университеттин өкүлдөрү менен жолугушту. Аны менен катар 29-октябрдан 3-ноябрга чейин ал Шанхай, Ухань, Сиань ж.б. Кытайдын 8 шаарында болуп, анда бакалаврларды даярдоого адистешкен 29 университетте жолугушууларды өткөрдү.

Иш сапарлардын жүрүшүндө 1+1 магистратура программалары, ошондой эле студенттердин мобилдүүлүгү боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди. 25 студент КЭУнун магистратурасына тапшырышты. 

КЭУнун көргөзмө павильону кытайлык өнөктөштөр тарабынан даярдалган.

Негизинен Кытайдын билим берүү мекемелери катышкан бул иш-чарага Европа өлкөлөрүнүн, Австралиянын университеттери, ошондой эле Россиянын 3 университети катышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть