18:44 25 ноября 2023

ОшТУда Экономика жана башкаруу факультетинин күнү белгиленди

Ош технологиялык университетинде ноябрь айынын акыркы жума күнү Экономика жана башкаруу факультетинин күнү деп белгиленген. Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлүп, бул иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультеттин жалпы жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жатышкан студенттер жана сырттан чакырылган коноктор катышышты.

ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Улукбек Мамытов жалпы факультеттин жамаатын жана студенттерин бүгүнкү майрамы менен куттуктап, экономисттердин коомдо орду өзгөчө экендигин белгиледи. Университеттин жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан, окууда мыкты ийгиликтерди жараткан студенттерге университет жана факультет жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле, студенттердин ата-энелерине факультет тарабынан ыраазычылык кат берилди.

Экономика жана башкаруу факультетин бүтүрүп, учурда өндүрүштө эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр дагы катышып, бүгүнкү күндөгү экономист адистеринин орду, өндүрүштөгү аткарган кызматтары тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Мындан сырткары, факультетке келген биринчи курстарын кабыл алуу жөрөлгөсү болуп, аларга билимдин символу болгон ачкыч жана зачеттук китепченин үлгүсү тапшырылды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть