9:18 27 ноября 2023

ОшТУда спектакль коюлду

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» аттуу комедиясы коюлуп, окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери катышты.

Аталган спектаклды Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын актёрлору аткарышты. Иш-чара мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына карата арналып, келечек жаштарга кыргыз тилдин баалуулугун жана нарктуулугун даңазалоо менен көрсөтүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору п.и.д.,профессор А.Зулпуев сөз сүйлөп, музыкалык-драма театрынын актёрлоруна ыраазычылык билдирди.

Ммындай саамалыктар КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан «Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы» үч айлыктын алкагында жүргүзүлүүдө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть