18:13 28 ноября 2023

КМУда төкмө акын, ырчы жана дастанчы Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган конференция өттү

И.Арабаев атындагы КМУда Кыргыз ССРинин эл артисти, төкмө акын жана дастанчы Калык Акиевдин 140 жылдыгына арналган Калык «Акиевдин чыгармаларынын заманбаптуулугу: билим берүү жана маданият» аталышында илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга келген меймандар алгач залкар таланттын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган китеп көргөзмөсүнө күбө болушту. Көргөзмөдө акындын китептеринен тышкары ал тууралуу жазылган эмгектер, илимий макалалар коюлду. Өз кезегинде акын тууралуу адабиятчы Абдысалам Обозкановдун монографиясы чыккан.

Конференцияда университеттин ректору Айгүл Абдраева кара жаак акындын ырлары бүгүнкү күнгө чейин өз актуалдуулугун баса белгилеп, зор тарбиялык мааниге ээ экенин айтты. Ректордун айтымында келечекте кыргыз-тил, адабияттан сабак берген ардактуу кесип ээлери үчүн, акындын китептери университеттин китепканасында сакталуу. Улуу инсандын келини Магрифа Рахимова дал ушул окуу жайда эмгектенип, акындын 3 томдук китебин жарыкка чыгарып, Калык Акиевди даңктап, даңазалоого чоң салым кошкон.

Ал эми Президенттик администрациянын өкүлү, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаевдин айтымында төкмө акын десе эле өнөр адамдары деп элестетпөө керек. «Калык Акиевдин агартуу тармагында ролу өтө чоң. Биз төкмө акын десе эле өнөр адамдары деп элестетебиз. Бирок бул акын өзүнүн жүрүм туруму, ыр жыйнактары менен коомго эбегейсиз зор таалим-тарбия бере алган. Азыркы учурдун адамдары акындын ырларын окуп, түшүнө билсе эле жан дүйнөсүн азыктандыра алышат», - деди Капалбаев.

Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Калык Акиевдин ар тараптуу изденүүлөрү тууралуу ойлорун КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Улуттук “Манас” театрынын директору А.Биймырза уулу бөлүштү.

Илимпоздор С.Байгазиев, А.Калдыбаева, А.Муратов, А.Турдугулов, Р.Сыдыкова, М.Көлбаева, Ж.Садыкбек кызы жана башкалардын жасаган илимий баяндамалары катышуучулар үчүн абдан маалыматтуу болду.

Конференциянын андан аркы жүрүшүндө секциялык иштер Калык Акиевдин адабиятта жана билим берүүдөгү бейнесин толук кандуу ачты. Илимий иш-чарада акындын чыгармаларын көп тираж менен басып чыгаруу, анын чыгармачылыгы боюнча илимий иштерди жүргүзүү, ыр, дастандарын жандуу аткаруу жаатында долбоорлорду жүргүзүү сыяктуу маселелерди камтыган резолюция кабыл алынды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть