18:15 28 ноября 2023

КМТУда Кыргызстандын 8 университети үчүн Scopus аймактык ресурстук борбору ачылды

2023-жылдын 23-ноябрында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргызстандын 8 университети үчүн Scopus аймактык ресурстук борбору ачылды.

Университеттердин жооптуу кызматкерлери, китепкана, илим жана рейтинг бөлүмү, IT адистери, жана профессордук-окутуучулар курамдарына илимий макала жазуу үчүн Scopus жана SciVal куралдарын колдонуу боюнча 23-24 ноябрда семинар-тренингдер өткөрүлдү.

Тренинг-семинарларга төмөнкү университеттердин өкүлдөрү катышты: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, ADAM университети, Салымбеков университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети.

8 жогорку окуу жайынын илимий кызматкерлерин методикалык жактан камсыз кылуу маселелери боюнча талкуу болду. Катышуучулар илимий изилдөөлөрдү колдоо жаатында пикир жана тажрыйба алмашышты, академиялык коомчулуктун алкагында илимий иштердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган пландарды жана чараларды талкуулашты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

up

Закрыть Закрыть